24.04.2018 11:19

Кыргыз жарандары эми Сербия жана Чили мамлекеттерине визасыз каттай алышат

Кыргыз жарандары эми Сербия жана Чили мамлекеттерине визасыз каттай алышат

Кыргызстан, Сербия жана Чили жарандары үчүн өз ара катташууда виза ачуу талаптары жоюлмакчы. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сербия Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Ушундай эле эки тараптуу келишим Чили Өкмөтү менен да түзүлүүдө. Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай келишим түзүлгөн.