11.09.2018 14:14

Кыргыз жарандары Тажикстанда эки айга чейин каттоосуз жүрө алышат

Кыргыз жарандары Тажикстанда эки айга чейин каттоосуз жүрө алышат

Кыргыз жана тажик жарандарынын эки коӊшу өлкөнүн аймагына баргандагы катталуу мөөнөтү 3 күндөн 60 күнгө чейин узартылууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажик Республикасынын аймагында жана Тажик Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Юстиция министринин милдетин аткаруучу Максатбек Есеналиевдин айтымында, бул макулдашуу эки коӊшу мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрүн, чет өлкөнүн аймактарында турууларына ыңгайлуу шарттарды түзөт. «Ушу тапта Тажикстандын «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук жобосу» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар мамлекет аймагына келүүдөн баштап 3 сутка ичинде колдонгон документин катташы абзел. Ошондой эле, белгилүү убакыттын ичинде Тажикстандын бажы аймагынан чыгып кетүүсү керек», - деди ал.

Ошондон улам, сунушталган макулдашуу менен Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында жана Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз туруу мүмкүндүгү каралган.