19.04.2018 10:00

Кыргыз жарандарын Сирияга жөнөтүп жүргөн адам кармалды

Кыргыз жарандарын Сирияга жөнөтүп жүргөн адам кармалды

МУКК  кыргыз жарандарын үгүттөп, Сирияга жөнөтүп жаткан адамды колго түшүрдү. Бул туурасында аталган органдын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

2018-жылдын 17-апрелинде Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы  тарабынан ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнүн катарын жаңы  жоокерлер менен толуктоо жана аларды КР аймагынан тышкары чыгаруу максатында республиканын жарандарынын арасында үгүттөө иш- чараларын жүзөгө ашыруу милдеттери менен келген, эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине бөгөт коюу жана аныктоо боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, террористтик уюмдардын биринин жалдоочусу 1982-ж.т. КР жараны «А.Э.» кармалды.

«А.Э.» ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча 2015-жылы Сирияга 4 кыргыз жаранын үгүттөп жиберген. Сириядагы куралдуу чыр-чатак аймагына жаңы күчтөрдү  жиберүү жана үгүт  иштерин жүргүзүү үчүн акыркы жылдары жакынкы четөлкөлөрдүн бирине барып, ошол жерде туруктуу жашап келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси ("Жалданмачылык") боюнча кылмыш иши козголду.

«А.Э.»  Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын  тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.