15.10.2018 09:00

Кыргыз жараны Россия аймагына мыйзамсыз киргени үчүн кармалды

Кыргыз жараны Россия аймагына мыйзамсыз киргени үчүн кармалды

Россиянын Петербург шаарында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кыргызстандык  мигрант кармалды. Ал Россиянын аймагына кирүү үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, туруктуу жашаган жери жок 31 жаштагы Кыргызстан жараны 12-октябрь күнү кечинде Петербург шаарындагы Софийская көчөсүндө жайгашкан 6-үйдүн жанынан административдик укук бузуп, кармалган. Өздүгүн текшерүү учурунда мигрантты 2-апрелден бери Россиянын Курган облусунун Федералдык коопсуздук кызматы издеп жүргөнү аныкталды. 

Шектүү РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси боюнча айыпталууда. Ал Россияда «кара тизмеге» түшүп калгандыктан, өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Кыргызстан жараны аны билип туруп, мекенине келип, башка ат менен жаңы паспорт алып, кайра Казакстан аркылуу Россиянын чек арасын кесип өткөн.  

Эми мигрант бир жылдан беш жылга чейин жалпы режимдеги абакка кесилиши мүмкүн экени айтылууда.