03.04.2019 15:11

Кыргыз жылдыздары онкологияда дарыланып жаткан балдардын абалын сурап, аларга китеп окуп беришти

Кыргыз жылдыздары онкологияда дарыланып жаткан балдардын абалын сурап, аларга китеп окуп беришти

Балдар басылмаларынын эл аралык күнүнө карата онкологиялык борбордо "Четин" аттуу китептин бет ачары өттү. Повестте каарман коркунучтуу шишиктен кантип дарыланганы жөнүндө баяндайт.

"Помогать легко" кайрымдуулук фондунун директору Динара Аляеванын айтымында, азыр рак илдетине чалдыккан үй-бүлөлөр ушундай китепке муктаж. Анткени ал оорудан арылуунун жолдорун жалпак тил менен түшүндүрүп берет.

Китептеги үзүндүлөрдү оор дарт менен күрөшүп жаткан балдарга жергиликтүү жылдыздар окуп беришти.