"Кыргызалтын" жетекчилигине "Макмал" кенинин ишин узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы алтын өндүрүү тармагы атамекендик экономиканын стратегиялык сектору катары саналгандыктан, андагы өтүп жаткан бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоону белгиледи. Болбосо, өлкө жарандарында көп учурда ар-кандай суроолор жаралууда.
Премьер-министр кенди иштетип баштоодон мурун калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аталган процесстин ачыктыгын камсыздоо өлкөнүн инвестициялык беделин чыңдоого өбөлгө түзөт.
«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков Өкмөт башчыга уюмдун учурдагы иши тууралуу маалымат берди. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча, Centerra Gold Ink. дивиденддеринен тышкары, «Кыргызалтын» ААК жалпы кирешеси 99,5 миллион сомду түздү. Республикалык бюджетке салык жана чегерүүлөр түрүндө 161 млн сомдон ашуун каражат которулган. Бюджетке жалпы төлөмдөр 536 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.
Алмаз Алимбековдун айтымында, 2017-жылы үч жыл аралыгында алгач ирет «Солтон Сары» кени чыгашалуу разряддан кирешелүү разряд катарына кирип, анын кирешеси 21 млн сомду түздү.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков инвестицияларды тартууга муктаж Макмал алтын кенинин абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.
Ал маалымдагандай, кендеги негизги көйгөй катары андагы запастардын түгөнүүсүнө байланыштуу кендин автоматтык түрдө жабылуусу саналат. Учурда «Макмалалтын» кени — бул биринчи кезекте Тогуз-Торо районунун бюджетин 95% камсыздаган жана 1000 ашуун жумушчу ордун түзгөн социалдык объект болуп саналат.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Макмалалтын» кенинин социалдык багытын эске алуу менен анын ишин узартуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана «Кыргызалтын» ААК жетекчилигине ыкчам тартипте «Макмалалтын» кенинин мындан аркы иши тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: