13.04.2018 15:37

Кыргызгидромет: 16-20 апрелде өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет: 16-20 апрелде өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бишкек шаары: 14- апрелде күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 14 метрге чейин жетет.  15-апрелде ачык аба ырайы сакталат. 16-апрелде маал-маалы менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  

Ош шаарында: 14-15 апрель күндөрү күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 16-апрелде маал-маалы менен нөшөрлүү жаан жаайт.

Өлкө аймагында:

16-апрелден 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, 16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтүлөт:

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин;

Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

16-20-апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад жана Баткен областарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.