06.04.2018 11:00

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз мал айдап өткөндөр кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз мал айдап өткөндөр кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз түрдө мал айдап өтүп бара жаткан жарандар кармалды.  Шылуундар Жамбыл облусунун Мамлекеттик  кызмат жана коррупцияга каршы туруу иштери боюнча агенттигинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү.

Мекеменин маалымат кызматынан билдиргендей, Меркен районунун кээ бир  тургундары чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандан  мал ташып келип, сатуу менен алектенишкен. 

1-апрель күнү район тургундары 11 уйду чек арадан мыйзамсыз өткөрүп кетүүгө  тоскоолдук жаратпашы үчүн чек арачыга акча беришкен. 

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө Кызыкстандын 4 жараны кармалды. Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар иликтөөгө жиберилди деп айтылат маалыматта.