22.08.2018 09:00

Кыргыз-кытай чек арасы 5 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы 5 күнгө жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен 22-августтан тарта кыргыз-кытай чек арасы 5 күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

«Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» көзөмөл-өткөрүү бекеттери Курман-айт майрамын белгилөөгө байланыштуу 22-августтан 27-августка чейин  жабык болот. Жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 27-августта жанданат.