20.09.2018 17:31

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат: Чжунцю белгиленет

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат: Чжунцю белгиленет

Кытай тарап Ай жана түшүм майрамын белгилөө үчүн убактылуу чек арасын жабат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

22-24-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында - Чжунцю майрамы. Буга байланыштуу, кытай тараптын демилгеси менен «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттары жабылат.

Жарандарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү 25-сентябрдан баштап калыбына келтирилет.