04.10.2018 12:27
Кыргызстан аркылуу КМШга баңгизатын ташыган чет элдик жаран кармалды
© УКМК КР
Кыргызстан аркылуу өткөн эл аралык баңги каналынын ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Кечээ, 3-октябрь күнү ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө Афганистанда өндүрүлгөн баңгизатын Кыргызстан аркылуу КМШ мамлекеттерине чыгарып турган эл аралык канал аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Каналды уюштурган «Б.А.» аттуу чет элдик жаран 12 кг 810 г афган чаррасын алып өтүүгө аракет кылып, колго түштү.
Бул факт боюнча 247-берене боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери жүрүүдө.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: