29.10.2018 13:08

Кыргызстан ата-энеси Россияга таштап кеткен 4 бөбөктү мекенине кайтарды

Кыргызстан ата-энеси Россияга таштап кеткен 4 бөбөктү мекенине кайтарды

Россиянын Новосибирск облусунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган жашы жете элек төрт бала Кыргызстанга алынып келинди. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Балдар мекенге келер менен балдар үйлөрүнө жайгаштырылды. 6-7 айлык бөбөктөрдү өлкөгө кайтаруу КР РФдагы элчилигинин, Новосибирск шаарындагы вице-консулдугунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин көмөгүнүн натыйжасында ишке ашты.  

Учурда министрлик өкүлдөрү алынып келинген балдарды ата-энеси кабыл алышы үчүн аракеттерди көрүп жатат. Министрликтен маалымдашкандай, чет жактагы кыргызстандык балдар түрдүү себептерден улам ата-энесинин камкордугунан ажырап келет. Алардын ичинен эң негизгилери: ата-энесинин туруктуу жашаган жеринин жоктугу, туруктуу ишинин жоктугу, мыйзамдуу никенин жоктугу же күтүлбөгөн кош бойлуулук  болуп саналат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери ата-эненин камкордугусуз калган 89 бала Кыргызстанга  кайтарылган, алардын ону быйыл алынып келинген.