04.07.2018 14:58

Кыргызстан "чоңдорунун" балдары кайсы жерлерде окуйт?

Бардыгы болуп быйыл 59 миң 700 өспүрүм мектепти аяктады. Алардын көбү жергиликтүү жогорку окуу жайларга тапшырса, мыктыларынын чамасы гана чет өлкөлүк университет жана институттарга жетет. Бул тизмеге, албетте, айрым олигархтардын жана аткаминерлердин балдары да кошулат. Акыркы жылдардын тажрыйбасы буга далил болууда.