16.04.2018 16:35

"Кыргызстан" фракциясында - эки жаңы депутат, бүгүн БШК аларга мандат тапшырды

"Кыргызстан" фракциясында - эки жаңы депутат, бүгүн БШК аларга мандат тапшырды

Бүгүн, 16-апрелде  БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Мусаев Насыр Исмазовичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Белгилей кетсек, тизмедеги кийинки талапкер Насыр Мусаев ооруп жатканына байланыштуу мандат тапшыруу мөөнөтү бир нече убакытка токтотулган. Эскерте кетсек, бош мандат депутат Калмаматов Жыргалбек каза болгондугуна байланыштуу пайда болгон.

Ал эми экинчи мандат ушул эле фракция депутаты  Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан жараны экени аныкталган соң, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан, тизме боюнча кийинки турган Чойбеков Руслан Нуркалиевичке берилди.