23.08.2019 11:44

Кыргызстан канадалык компанияга 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди

Кыргызстан канадалык компанияга 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди

Эл аралык арбитраждык сот Кыргыз өкмөтүн Кеминдеги Кутисай кени боюнча канадалык Stans Energy​ Corp. компаниясына 24 миллион доллар төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Super.kg порталы жазып чыкты. 

Маалым болгондой, сотто канадалык компания Кыргыз өлкөсүнөн 118 миллион доллар төлөп берүүсүн талап кылган. Соттун чечиминин жыйынтыгында, Кыргыз өкмөтү 24 миллион доллар төлөп берүүсү милдеттендирилди.

Stans Energy Corp. компаниясы Кутисай жана Калесай кенинде иш жүргүзүү боюнча 2009-жылы лицензия алган. Аны 2011-жылы Кыргыз өкмөтү келишимдерди аткарган жок деп, жокко чыгарган.

Жыйынтыгында, канадалык компания Кыргыз өкмөтү менен соттошуп келе жатат. 2014-жылы Онтарионун Жогорку соту Кыргыз өлкөсүн 118 миллион долларга доого жыккан. Бирок, бул чечимди Москванын арбитраждык соту жокко чыгарган.

Бул окуя боюнча Кыргыз өкмөтү азырынча маалымат бере элек.