Кыргызстан менен Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтөт
КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында казак кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Эки жактуу жолугушуу бүгүн, 1-июнда өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.
«Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», - деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы зор экенин баса көрсөттү.
«Биздин президенттерибиз тарабынан өз ара сооданы 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул бизди өз ара товар айлантууну өстүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.
«Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», - деп кошумчалады ал.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар Казакстанда Премьер-министрлердин төрагалыгы алдында 7-чи Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: