03.04.2018 16:22

Кыргызстан Россия аймагында 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт

Кыргызстан Россия аймагында  9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Орусия аймагында дипломатиялык кызматкер статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге, Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 өкүлчүлүгү мыйзамдуу бекитилмекчи.

Депутаттар Тышкы иштер министрлигинен мындан ары да Орусияда эле эмес, чет өлкөлөрдүн баарында өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү чараларын колго алууну өтүнүштү. Алар буга кыргыз эмгек мигранттары жумуш берүүчүлөр менен соттошуп калганда, Кыргызстандын өкүлчүлүктөрдүн жоктугунан улам, көп маселелер оӊ жагына чечилбей калып жатканын мисал тартышты.

Белгилей кетсек, аталган маселе тармактык комитетте талкууланып жатканда, өлкө аймагында дипломатиялык кызматкер макамына ээ болгон чет өлкөлүк жарандардын өтө арбып баратканын белгилеген депутат Каныбек Иманалиев чет өлкөлүк миграция мекемелеринин Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачуусуна квота киргизүү зарылдыгын белгилеген.