Кыргызстан социал-демократтары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин жесирлерине жана тылда иштегендерге акчалай жардам көрсөтүштү
8-майда, Кыргызстан социал-демократтары Улуу Ата Мекендик согуш ардагеринин жесирлерине жана тылда эмгектенгендерге акчалай жардам беришти. Бул туурасында Кадыр Атамбаев билдирди.
Партия мүчөлөрү аларга бир жолку акчалай жардам, ошондой эле азык-түлүктөрдү алып барышкан.
«Эң башкысы ардагерлер муктаж болгон көңүл, камкордук жана жылуу мамилени Кыргызстан социал-демократтары дайыма жана көптөн бери тартуулоону салтка айланткан. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө эскерүү – бул биздин милдетибиз. Биз баарыңыздарды ар дайым урматтайбыз жана жалпыбыздын болгон Жеңишти даңазалайбыз»,- КСДП белгилешти.
Мындан сырткары, КСДП партиясынын мүчөлөрү Сеид жана Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согуш күнүнүн алкагында согушка катышкан ардагерлердин урматына тургузулган монументке гүл чамбар коюшту.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: