30.05.2020 12:03
Кыргызстан Түштүк Кореядан гуманитардык жардам алды
Кыргызстан Түштүк Кореядан гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлиги ПЦР-тесттерди жана ошондой эле лабораториялык жабдууларды алды. Ысык-Көл облусундагы лабораторияны жабдуу пландалууда.
«Баардык аймактарда зарылчылык жаралган учурда вирусологиялык изилдөө жүргүзүп жана скрининг жасаганга болот», — деди Нурболот Үсөнбаев.
Буга чейин, Кореянын өкмөтү Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 300миң $ бөлгөнү кабарланган. Мындан сырткары Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жардамы менен 28миң $ өлчөмүндөгү гуманитардык жардам тартылды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: