07.06.2018 10:50

Кыргызстан «тынчтыкты сүйгөн» өлкөлөрдүн рейтингинде 108-орунга татыды

Кыргызстан  «тынчтыкты сүйгөн» өлкөлөрдүн рейтингинде 108-орунга татыды

Кыргызстан «Глобалдык тынчтык индексинин» рейтингинде өткөн жылга салыштырмалуу 3 тепкичке жогорулады. Былтыр өлкө 163 мамлекеттин арасынан 111-орунду ээлесе, быйыл 108- орунга келди.

Бул индекс жыл сайын чыгарылып турат. Ал өлкөлөрдөгү адам өлүмүнүн, полиция менен аскер кызматкерлеринин саны, ошондой эле курал-жаракка кеткен чыгымдардын көрсөткүчтөрүнө таянып түзүлөт.

Рейтингде эң жогорку баага 13 өлкө татыган. Алардын ичинде Исландия, Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия, Канада жана Чехия мамлекеттери бар.

Орто Азия мамлекеттеринен Казакстан 70-орунду ээледи. Ал эми Өзбекстан Кыргызстандан 4 сап алдыда. Тажикстан 114-орунда. 

Орусия тынчтыкты эң аз сүйгөн өлкөлөрдүн ондугуна кирип, 154-орунга жайгашкан. Жалпысынан рейтингге 163 өлкө киргизилген.

121-орун алган Кошмо Штаттар орто баа ыйгарылган өлкөлөрдүн аягына жазылган. Эксперттер АКШ Орусия, Германия жана Кытай менен катар эле ири курал-жарак саткан өлкө болуп эсептеле турганын белгилешкен.