30.03.2018 09:40

Эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилеринин кеңешинде протоколго кол коюлду

Эки өлкөнүн  чектеш облус жетекчилеринин кеңешинде  протоколго кол коюлду

Фергана шаарында өткөн чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин жыйынтыгы менен эки өлкөнүн Өкмөт башчылары протоколго кол коюшту.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов натыйжалуу иш өткөрүлгөндүгүн белгиледи, тараптар орун алган бардык суроолорду талкуулашып, алардын көбү боюнча консенсуска келишти.

«Биз бүгүн Өкмөт башчылардын төрагалыгы алдында чектеш облус жетекчилеринин ушундай форматтагы диалогду түзүүдө мамлекет башчыларыбыздын даанышман жана кыраакылык чечимине дагы бир жолу ынандык. Чечилбеген маселелер болбойт деп белгилеп кетким келет. Региондордун жетекчилери ишке ашырылбай келген потенциал бар, жана аны күчөтүш керектигин белгилешти», – деди Абдулла Арипов.

Өзбекстандын Премьер-министри ошондой эле бүгүн талкууланган маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл тапшырмалар берилгенин белгиледи.

«Биз диалогго жана бир тууган кыргыз эли менен эки тараптык мамилелерди күчөтүүгө ачыкпыз. Андан тышкары учурда эки өлкөнүн региондору ортосундагы өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттү кызматташтыгы үчүн тийиштүү шарттар бар», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков эки тараптык мамилелерде чек-ара кызматташтык боюнча маселелер өзгөчө мүнөзгө ээ экендигин баса белгиледи.
«Бүгүн биз күн тартибиндеги дээрлик баардык маселелерди чечүүгө даяр экенибизди толук ишенүү менен айткым келет. Биздин делегация регион аралык кызматташуунун натыйжалуу жолдорун достук мамиледе таап, ак ниетибиз менен келдик. Делегациянын мүчөлөрүнүн алдында коюлган тапшырмалар өз убагында аткарылышы керек», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Жыйынтыгында Сапар Исаков өзбек делегациясын эки республиканын чектеш облус жетекчилеринин экинчи Кеңешинин отурумуна катышууга чыкырды.

Отурумдун жыйынтыгында Өлкө башчылар Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы чектеш облус жетекчилеринин биринчи кеңешинин жыйынтыгы менен протоколго кол коюшту.