18.05.2018 17:04

Өлкө журналисттери укук коргоо органдарынан "Апрель" кабарчыларына кол салган учурду ар тараптуу иликтеп чыгууну өтүндү

Өлкө  журналисттери укук коргоо органдарынан "Апрель" кабарчыларына кол салган учурду ар тараптуу иликтеп чыгууну өтүндү

Кыргызстан журналисттер биримдиги «Бета Сторес 2» супермаркетинин күзөтчүлөрүнүн мөөнөтү өткөн азыктар тууралуу материал тартып жаткан журналисттерге кол салганын туура эмес көрүнүш деп эсептейт. Мындай билдирүүнү өлкө журналисттеринин көз карандысыз биримдигинин атынан анын төрагасы Азамат Касыбеков жасады. 

Ал КР "Массалык маалымдоо каражаттары" мыйзамы боюнча кабарчылар коомдук жайларда өз ишмердигин жүргүзүүгө укуктуу экенин белгиледи. 

«Кыргызстан журналисттеринин  көз карандысыз биримдиги бул окуяны ар тараптуу иликтөө өтүнүчү менен укук коргоо органдарына, ошондой эле, күнөөлүү адамдарды жазалоо өтүнүчү менен "Бета Сторес 2" супермаркетинин жетекчилигине кайрылат. Мындан кийин кабарчылардын маалымат алуусуна тоскоолдук жаралбаш керек», - деп айтылат билдирүүдө.