02.11.2018 11:30

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттоп баштады

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттоп баштады

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттоп баштады. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, октябрдын ортосунда Ташкентте Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен Өзбекстандын Өсүмдүктөр карантини мамлекеттик инспекциясы менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандан картошка экспорттоо маселесин сүйлөшүштү. 

Өзбек тарап картошка ташууга уруксаат берилген 17 компаниянын тизмесин берди. Мунун негизинде Ысык-Көл облусунун жеке ишкерлери менен «Наманган Универсал Савдо Инвест» ЖЧКсы ортосунда 2 миң тонна картошка жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунан Өзбекстанга 66 тоннадан ашык картошка жөнөтүлдү.