13.08.2018 09:30

Кыргызстанда 2018-жылдагы Курман айт майрамы 21-августта белгиленет

Кыргызстанда 2018-жылдагы Курман айт майрамы 21-августта белгиленет

Кыргызстанда 2018-жылдагы Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул туурасында өлкөнүн Мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

КР Эмгек кодексине ылайык, Ай календары боюнча аныкталуучу  «Орозо айт» жана «Курман айт» мусулман майрамдары жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.

Курман Айт — эң чоң мусулман майрамы. Мусулман календары боюнча айдын 10-күнү майрамдалат жана Меккеге барып сыйынып келүү менен жыйынтыкталат. Ыйык Куранда ар бир колунда шарты бар адам Меккеге барып сыйынуусу милдет делген.