22.03.2018 12:25

Кыргызстанда 7 миң мектеп окуучусу медициналык текшерүүдөн өтөт

Кыргызстанда 7 миң мектеп окуучусу медициналык текшерүүдөн өтөт

Кыргызстанда мектептерде окуган 7 жаштагы 7 миң бала медициналык текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.  

Министрликке караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилованын айтымында, бул текшерүү балдардын физикалык жактан жана боюнун өсүүсүн баалоого мүмкүндүк берет, салмагы жетишпеген же ашыкча салмактагы окуучулар канчалык көп экенин тактоого, ошондой эле, туура тамактануу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын-алууда өз иш-аракеттерин туура багытка салууга жардам берет.

Кыргызстан 46 мамлекеттин катарында  Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун  баланын физикалык жактан жана дене боюнун өсүшүн 7 жашында баалоо боюнча Европалык демилгесине кошулууда..  Өлкөнүн 150 мектебинде  мындай изилдөөлөр биринчи ирет өткөрүлөт.