Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алышты
СOVID-19 вирусуна чалдыккандардын арасында дарыгерлер дагы бар. Алардын саны 9 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов кабарлады.
"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.
Бүгүн, 4-апрелге карата коронавирус дагы 14 кишиден табылган. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жала-Абад облусунда катталган. Алардын ичинен:
- Бишкек – 1
- Ош облусунда – 5
- Ош ш. – 2
- Джалал-Абад облусунда – 6
Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.
- Бишкек – 15
- Ош ш. – 12
- Ош облусунда – 35
- Баткен облусунда – 3
- Джалал-Абад облусунда – 67
- Чуй обсусунда – 6
- Иссык-Куль обслусунда – 2
- Нарын обслусунда – 4
2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Дагы 6 киши оорудан сакайып чыгышты. 4 бейтаптын абалы оор. 1 киши реанимацияда. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: