10.08.2018 13:26

Кыргызстанда «Ала-Тоо» лотереясынын биринчи нускасы чыкты

Кыргызстанда «Ала-Тоо» лотереясынын биринчи нускасы чыкты

«Мамлекеттик лотерея компаниясы» ишканасы «Кыргыз лото» брендинин алдында «Ала-Тоо» лотереясынын биринчи нускасын чыгарды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Мамлекеттик лотореянын негизги милдети атамекендик спортту, маданиятты, билим берүүнү, илимди, искусствону өнүктүрүүгө аракеттешүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык программаларын ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Лотереялык билеттер Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында сатылат. Биринчи нусканы ойнотуу 2018-жылдын 31-августунда саат 20:00дө «ЭлТР» каналында болот.

«Кыргыз лото» лотереясын биринчи ойнотуунун байгелеринин арасында 2018-жылы чыккан «Toyota Camry 70» унаасы, 10 iPhone X смартфону, башка баалуу жана акчалай белектер бар.

Лотереялык билеттин баасы 100 сом турат. Билеттерди сатып алуу, лотереянын түрлөрү, оюндун эрежелери, ошондой эле башка кеңири маалыматтарды www.kyrgyzloto.kg компаниясынын сайтынан билүүгө болот.