03.04.2018 13:11

Кыргызстанда чылымдын түтүнү жок аянттар түзүлөт

Кыргызстанда чылымдын түтүнү жок аянттар түзүлөт. Жалпак тил менен айтканда, жеке турак жайлардан башка имараттардын бардыгында тамеки тартууга тыюу салынат. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыгышты. Коомдук жайларды мындай коюңуз, мыйзам долбоору ишке ашса, көл жээгинде чылым тиштегенге болбой калат. Жаңы түзүлгөн документ кандай иштейт? April.kg кабарчысы Аман Бакиров билип келди.