30.03.2018 12:16

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 25 адам акысыз окутулат

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 25 адам программалык камсыздоо жана компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз билим алат. Бул тууралуу Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова билдирди.

Курстун катышуучуларын тандоо  өлкөнүн бардык аймактарында жүрөт. Тандалып алынгандар 6 ай бою испаниялык  IT адистен программист кесибин  өздөштүрүшөт. Окутуу маалында студенттер жатакана,  тамак-аш менен бекер камсыздалат. 

Долбоорду  Европа Биримдиги  каржылык колдоого алган. 

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар.