12.03.2018 09:51

Кыргызстанда Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнүн КР аймагына террористтик акцияларды даярдоо максатында кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, эл аралык уюмдардын лагеринде атайын даярдыктан өткөн «С.Ж.» аттуу КР жараны кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. 

«С.Ж.» ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, колго жасалган жардыруу түзүмдөрдү пайдалануу менен теракт  жасоону пландаштырганы аныкталды.

Азыркы убакта МУКК органдары КР Кылмыш-жаза кодексинин “Террористтик актыны даярдоо”, « Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерге  катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү»  беренеси жана «Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, жайылтуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисстик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу»  беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө камак жайына киргизилип,  тергөө жүрүүдө.