04.05.2018 14:15

Кыргызстанда фостердик үй-бүлө институту ишке ашырылып жатат

Кыргызстанда фостердик үй-бүлө институту ишке ашырылып жатат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Тоң районундагы балдарды асырап алган үй-бүлө менен жолукту. Бул үйдө ата-энесинин камкордугунан ажыраган 13 бала тарбия алат. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

«Бегимайды убактылуу асыроого алганыбызга аз эле болду. Ага чейин жолдошум экөөбүз оор абалда калган 12 баланы тарбиялап жатканбыз. Өз балдарыбыз эбак бой тарткан. Баары үйлүү-жайлуу болушкан. Бизге жайсыз үй-бүлөдө төрөлүп, бир дагы тамганы тааныбаган кичинекей балдар да келет. Биз аларга тарбия берип, окутуп, үйрөтүп жатабыз», - деп билдирди Төлөсүн Майтыкова. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри азыр аталган  мекеме фостердик үй-бүлө институтун өнүктүрүп жатканын билдирди. Бул үчүн жыл сайын өлкө казынасынан акча каражаты бөлүнөт. 

«Мамлекет ай сайын баланын интернатта жашашы үчүн 12-14 миң сом бөлөт. Ал жерде канчалык кесипкөй адистер болсо да, ата-эне мээримин бере алышпайт. Бул бир гана баланын жүрүм-турумуна эмес, анын өнүгүшүнө да таасирин тийгизет.  Балдар үйлөрүнө мына ушундай фостердик үй-бүлөлөр альтернатива боло алышат. Мындай жол менен кароосуз калган балдарга үй-бүлөдө чоңоюуга шарт түзүлөт", - деп билдирди министр. 

Министрликтин маалыматына караганда, учурда 8 асырап алуучу үй-бүлөдө оор абалда калган 11 бала тарбияланып жатат. 

Каалаган адам убактылуу ата-эне боло алат. Ан үчүн атайын окуудан өтүп, анын жыйынтыгы менен психологдон  "бул жаран убактылуу ата-эне боло алат" деген бүтүм алыш керек. 

Фостердик үй-бүлөдө жашап жаткан баланы социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.