04.06.2018 12:00

Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында уюшулган «Балдар оюнунун караваны» өтөт

Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында уюшулган «Балдар оюнунун караваны» өтөт

Кант шаарында эртең, 5-июндан тарта «Балдар оюнунун караваны» долбоору башталат. Ал  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өткөрүлмөкчү. Бул туурасында ДКО (Дүйнөлүк көчмөндөр оюну) катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтымында, долбоор ЮНИСЕФ, Маданият министрлиги жана ДКО катчылыгы тарабынан уюштурулууда. «Максаты- ата-энелер жана балдардын ортосундагы мамилени өнүктүрүү. Анткени, Кыргызстанда калктын 40 пайызын дал ушул балдар түзөт. Биз азыркы балдар телефон ойноп, интернетте гана отурбастан, кыргыз элинин маданияты менен да таанышуусун каалайбыз. Дагы бир максатыбыз- ата-энелердин балдарына көбүрөөк көңүл буруусуна жетишүү», -деди Айжан Абдесова.

Караван өлкөнүн 7 дубанында жана 14 шаарында өтөөрү айтылууда. 52 улуттук оюндардын арасынан 25 түрү тандалып алынган.  Ага 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алат.