27.04.2018 16:43

Кыргызстанда интернет арзандайбы?

Жакында эле интернеттин арзандашы тууралуу маалымат чыгып, "Кыргызтелекомдун" макамы дароо көтөрүлө түштү. Мамлекеттик үлүшү бар байланыш оператору тендер жарыялап, интернеттин наркын үч жарым эсе төмөндөтө турган сатуучу компаниялар менен келишим түзүптүр. Бирок, "Кыргызтелекомдун" өкүлдөрү эмнегедир бул жагымдуу жаңылыкты жашырып жатышабы, айтор, суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартышууда.