18.12.2018 11:03

Кыргызстанда канча кытай жараны бар? Өкмөттүн расмий сандары

Кыргызстанда канча кытай жараны бар? Өкмөттүн расмий сандары

Өкмөт өлкөдө канча кытай жараны жүргөнү тууралуу расмий сандарды жарыялады. Ага караганда, быйыл Мамлекеттик чек арадан 35 миң 215 кытай жараны өлкөгө кирсе, кайра 34 миң 436 жаран чыгып кеткен. 

ТИМдин маалыматына караганда, 21 миң 17 кытай жараны КР визасын алган, мунун 14 миң 492 электрондук виза,  ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

11 миң 966 кытай жараны убактылуу жашаганга уруксат алган, алардын ичинен 9 миң 498 кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксат алган.

Мындан тышкары 2010-2018-жылдары баардыгы болуп 60 кыргыз жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан.

2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.

«Келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын билдиребиз», -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, учурда социалдык тармактарда «Кыргызстанды кытайлыктар каптап кетти» сыяктуу нааразычылыктар күч алууда. Кыргыз жарандарынын кытайлыктар тараптан ыдык көрүп калышы бул нааразычылыкты ого бетер күчөтүп, ара-чолодо аларды кубалап жиберүү чакырыктары жаңырып калууда.