Кыргызстанда коронавирустун дагы 4 учуру аныкталды
Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.
- Жалал-Абад ш. – 1
- Сузак району – 1
- Кара-көл ш. – 1
- Чүй облусу – 1
Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.
“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - дейт саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.
COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал)
анын ичинде:
- I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1612
- II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4416
25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: