Коронавирус: Жаңы учурлар жок. Илдет жуктурган 6 киши реанимацияда
Бүгүн, 26-мартка карата Кырогызстанда коронавируска чалдыккан жаңы учурлар катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Учурда өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
- Ош облусунда – 20 учур,
- Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
- Бишкек ш. – 3 учур,
- Чүй облусунда – 1 учур,
- Баткен облусунда – 1 учур.
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирусту жуктурган жарандардын абалы тууралуу дагы маалымат берди. Ага ылайык, 6 адамдын абалы оор деп айтылды.
Стационардык дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын абалы:
- 122 киши – абалы канааттандырарлык
- 10 адам – абалы орточо оор
- 6 адам – реанимацияда
- 34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.
Эсмке салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот,
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: