05.03.2019 09:52
Кыргызстанда март айында күйүүчү майдын баасы кандай болоору айтылды
Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майдын дүң баасы 3-5 % кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
«Март айында бензиндин баасы үч пайызга, дизель майыныкы алты пайызга өстү. Буга сезондук суроо-талаптын өсүшү, мунайдын кымбатташы сыяктуу факторлор себепкер», — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Кыргызстанда кымбаттоолор күтүлбөйт.
«Нефтетрейдерлердин запасы бар үчүн март айында күйүүчү май кымбаттабайт. Тескерисинче, арзандайт. Дизель майынын баасы ошол бойдон калат», — деп түшүндүрүштү ассоциациядан.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери өлкө аймагында бензин 1,5 сомго, дизель майы 1,3 сомго арзандады.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: