02.10.2018 16:43

Кыргызстанда Телерадиоуюмдар ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда Телерадиоуюмдар ассоциациясы түзүлдү

Бүгүн, 2018-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жана жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Телерадиоуюмдар ассоциациясы кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул документте жактардын телерадиоберүү рыногундагы бардык катышуучулардын иштеп жаткан мыйзамдарды керектүү деңгээлде аткаруусу боюнча бири-бири менен тыгыз өз ара аракеттенүүлөрү жана колдоо көрсөтүүлөрү каралган.

Ошондой эле жактар ТВ жана радиолордун жогорку сапаттагы ата-мекендик контентин өндүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнүн, теле жана радиоберүүлөрдүн ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам базасын жакшыртуунун үстүндө биргелешип иштөөгө ниет кылууда.

Кошумчалап кетсек, 2018-жылдын сентябрь айындаКыргызстандагы бир катар ири телеканалдар расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Телерадиоуюмдар ассоциациясын түзүшкөн. 

Бирикменин негизги максаты–Кыргыз Республикасында телерадиоберүүнүн цивилизациялаштырылган рыногун түзүү, сапаттуу телеберүү контентин жаратуу үчүн жагымдуу шарт түзүү, телерадиоэфирде мамлекеттик тилди өнүктүрүү.

Телерадиоуюмдар ассоциациясы алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен, биринчи кезекте – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен тыгыз кызматташуу жолу менен иш алып барат.

Ассоциациянын жакынкы пландарында – телерадиоиндустрия рыногунун абалын изилдөө жана талдоо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу, телерадиоберүүнүн цивилизациялаштырылган рыногун түзүү боюнча биргелешкен ишке коомдук ишмерлерди жана уюмдарды тартуу маселелери каралган. Азыркы учурда Телерадиоуюмдар Ассоциациясынын курамына бир нече ири телеканалдар кирди.

Келечекте биздин уюм жалпы максаттарга жетүү үчүн ондогон уюмдурды өз кучагына камтыйт. Биздин бирикме телерадиоиндустрияны өнүктүрүүгө кызыккан бардык башка катышуучулар үчүн да дайым ачык экендиги баса белгиленет. Телерадиоуюмдар Ассоциациясынын аткаруу директору болуп белгилүү медиа эксперт Авланбек Жумабаев шайланды.

Учурда Ассоциация Акыйкат министрлигинен каттоодон өттү. Ассоциацияны түзгөн телеканалдардын жетекчилеринен турган жумушчу топ уюштуруу түзүмүн, алдыдагы аракеттердин концепциясын жана пландарын иштеп чыкты. Азыр мыйзамдарды аткаруу механизмдери боюнча мамлекеттик органдар үчүн рекомендациялар, ошондой эле мыйзам чыгаруу бийлик бутагы үчүн аналитикалык каттарды даярдоо иштери башталууда. 

Ассоциациянын курамына «Апрель» телеканалы да кирди.