02.11.2018 12:35

Кыргызстанда жардыруу уюштурууга камданып жүргөн террористтик топ кармалды

Кыргызстанда жардыруу уюштурууга камданып жүргөн террористтик топ кармалды

Чүй облусунун аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп келген Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түштү. Алардын бешөө чет элдик жарандар болсо, калган төртөө - кыргызстандыктар. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Быйылкы жылдын 25-октябрында УКМК терроризмге каршы иш чаралардын жүрүшүндө, Эл аралык террористтик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. 

Кармалган 9 адам 2017-жылдан бери Сириядагы жана Афганистандагы согушкерлердин катарына жөнөкөй жарандарды азгырып, тартуу менен алектенишкени белгилүү болду. Ошондой эле, Кыргызстанда ок атуучу куралдарды жана колго жасалган жарылуучу заттарды колдонуу менен жардыруу уюштуруу ниетин көздөшкөн.

Кылмыштуу топтун курамында террористтик иштерге катышы болгону үчүн өз мекенинде издөө салынган чет өлкө жарандары да болгон. Алар Эл аралык кылмыштуу топтун эмиссарларынын тапшырмасы менен Кыргызстанда жайгашып, кыйла тажрыйбалуу согушкерлерди кабыл алууга керектүү шарттарды түзүп туруу үчүн жиберилген.

Учурда ачылган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө органдары тийиштүү иш чараларды жүргүзүп жатат.