04.04.2018 16:05

Кыргызстанда жыл ичинде 25 миң түгөй үйлөнүп, 9 миң үй-бүлө ажырашат

Кыргызстанда жыл ичинде 25 миң түгөй үйлөнүп, 9 миң үй-бүлө ажырашат

Кыргызстанда жыл ичинде  9 миң үй-бүлө ажырашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын  өлкөдө ажырашуулардын саны өтө көп экени туурасында суроосуна жооп берип жатып  билдирди.

Депутат Союз маалында үй-бүлө курууга арыз таштаган жаштар менен бир ай ичинде 3 ирет сүйлөшүүлөр журүп,  аларга үй-бүлө баалуулугу,  чогуу түтүн булатуу учурунда келип чыккан чыр-чатактарды жайгаруу тууралуу кеп-кеңештер берилип турганын эскерди. 

«Жаштар көп учурда үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес болушат. Андыктан, аларды мындай жашоого даярдоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы чара көрүш керек», – деди Карамушкина.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү бир жылда 25 миң түгөй  никесин расмий каттатат.

«Абдан жакшы идея. Бирок, бизде кызматкерлер аз, андыктан,  жаштарды үй-бүлөлүк жашоого даярдоочу адистерди бөлүп бере албайбыз», – деди ал.