23.10.2018 12:44

Кыргызстандан Кызыл китепке кирген кыраан кушту чыгарып бараткан казак жараны кармалды

Кыргызстандан Кызыл китепке кирген кыраан кушту чыгарып бараткан казак жараны кармалды

«Чалдыбар - автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде шумкарды Кыргызстан аймагынан мыйзамсыз чыгарып бараткан казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-октябрда 31 жаштагы Э.Дж. аттуу казак жараны бекетке «Мерседес-Бенц» унаасында келген.

Унааны кароодон өткөрүү учурунда арткы орундуктун астынан кутуга салынып, катылган кушту табышкан.

Текшерүү бул Кызыл китепке кирген шумкар экенин аныктаган. Казак жаранынын жанында кушту алып өтүүгө уруксаат берүүчү кагаздары жок болгон.  

Тиешелүү документтерди толтургандан кийин кармалган жаран ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.