17.09.2018 17:54

Кыргызстандык 1,8 миң жаран чет жерде абакта отурат

Кыргызстандык 1,8 миң жаран чет жерде абакта отурат

Кыргызстандык 1 миң 834 жаран чет өлкөлөрдүн абагында кармалып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев билдирди.

«Биздин маалыматтар боюнча, өлкө сыртында 1 миң 834 кыргыз жараны абакта отурат. Албетте, бул толук маалымат эмес. Бул статистика чет өлкөлүк тиешелүү кызматтардан бизге келген билдирүүлөргө таянып даярдалган. Биз болушунча так маалымат алганга аракет кылып жатабыз. Соттолгондордун эң көбү Орусия мамлекетинде. Тактап айтканда, ал өлкөдө 1453 жаран абакта», -деди департамент өкүлү.

Букалаевдин маалыматына караганда, абактагы кыргыз жарандарынын көпчүлүгү баңгизаттарды ташуу, уурулук, талап-тоноо фактылары менен соттолгондор. Алардын ичинде киши өлтүрүү, зордуктоо фактылары да кездешет. Жасалма документтерди жасоо да эң көп катталган кылмыштардын бири.