19.07.2018 11:30

Ажылыкка барчулардын алгачкы тобу 25- июлда учат

Ажылыкка барчулардын алгачкы тобу 25- июлда учат

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиянын Медина шаарына учуп кетишет, деп Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет. Ал эми ажылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Мекке шаарына жөнөшөт. Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Быйылкы жылы Бишкектен 6 рейс, Ош шаарынан 12 рейс болуп, жалпысы 18 рейсти түзмөкчү.

Муфтият эскертет: ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.

Каттамдардын убактысы жана ажылардын тизмеси төмөндө көрсөтүлгөн: