Кыргызстандык ишкана Орусияга 5 тонна сүттү мыйзамсыз киргизүүгө аракеттенген
Россиянын Оренбург областында Казакстан менен чектешкен тилкеден сүт азыктарын мыйзамсыз киргизүү аракети катталды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирет.
Маалыматта, 4-мартта «Сагарчин» өткөрүү пунктунда Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унаа токтотулганы кабарланат. Текшере келгенде, унаада Бажы биримдигинин мыйзамдарына туура келбеген 5 тонна кургак сүт бар экени аныкталган.
«Сүт азыктары продукциянын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган эч кандай документсиз алынып бараткан”, - деп айтылат билдирүүдө.
Айдоочунун айтымында, жүк “Ак-Сүт” ишканасына таандык жана Ош шаарынан келе жаткан. Учурда орусиялык айыл-чарбасын көзөмөлдөөчү мекеме кызматкерлери сүт азыктарын жок кылуу маселесин чечип жатышат. Административдик иликтөө жүрүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин да “Ак-Сүт” ишканасына таандык
60 тонна кургак сүт мыйзамсыз ташылып келаткан жеринен кармалган. Андан улам, Россия тарап аталган ишкананын азыктарын өлкөгө киргизүүгө убактылуу чектөө койгон.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: