26.06.2018 16:47

Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык  окуучу астрономия боюнча Эл аралык олимпиададан алтын медаль утуп алды. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарындагы №61 мектептин 11-классынын окуучусу Ырыскелди Анарбеков Мирзо Улугбек атындагы физика жана астрономия боюнча эл аралык  олимпиададан алтын медаль  утуп алды.

Мелдеш 2018-жылдын 19-23-июнунда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Ага Өзбекстан, Кыргызстан, Казахстан жана Түркмөнстандан 6 команда катышкан.  

Кыргызстандык  окуучулар 3 медаль менен кайтышкан: №61 мектептин окуучусу Анарбеков Ырыскелди астрономия боюнча алтын медаль алса, К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Тимур Тынычбеков физика боюнча күмүш, Аксы районундагы №10  Ж.Мамытбеков атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Эрназар Сыдыков физика  боюнча коло медалга ээ болду.