08.05.2019 10:01
Кыргызстандык спортсмен Эльбруска чыгып-түшүүдө аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекордду койду
Кыргызстандык Анна Оглоблина Эльбруска тездик менен чыгып-түшүүдө аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекордду койду. Бул туурасында жергиликтүү маалымат булактар билдиришти.
Спортсмен кыз 28 чакырым аралыкты 5 саат 31 мүнөттө басып өткөн. «Азау аянтчасы — Эльбрустун батыш чокусу — Азау аянтчасы аралыгын Анна Оглоблина 5 саат 31 мүнөттө басып өтүп, аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекорд койду», — деп билдирген фестиваль жетекчиси Евгений Колчанов.
Маршрут жалпысынан 28 чакырымга созулган. Мелдешке дүйнөнүн 20 мамлекетинен 250гө жакын спортсмен катышкан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: