12.11.2018 09:30

Кыргызстандын аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

12-13-ноябрларда Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

13-14-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт: Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.