15.08.2018 20:14

Кыргызстандын Эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын Эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 15-августта 64 жаш курагында коомдук ишмер, саясат таануучу, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти,  экономика илимдеринин доктору, профессор  Акенеев Жумакадыр Асанкулович дүйнө салды. 

Туугандарынын айтымына караганда, Акенеев Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборунун жандандыруу бөлүмүнөн көз жумган. 

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы 22-январда Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн.  Артында бир кызы жана үч эркек баласы калды. 

Жумакадыр Акенеев бир катар мамлекеттик кызматтарда да иштеген. 50 илимий эмгектин автору. 

April.kg порталы маркумдун үй-бүлө, жакын туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.