08.10.2018 09:32
Кыргызстандын маданият министри Султан Жумагулов каза тапты
Бишкекте узакка созулган онкологиялык оорудан улам, 60 жаш курагында маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов каза тапты. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.
Белгилей кетсек, мекеменин жетекчилигине Султан Жумагулов 2017-жылы дайындалган.
Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо» гезиттеринде баштаган, кийин «Асаба» гезитинде иштеген.
Кийинчерээк Би-Би-Си кабарчысы болуп эмгектенген, «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун, ЭлТР жана КТРК телеканалдарын жетектеген. Жазуучу, медиа-эксперт жана публицист катары таанымал.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: