09.07.2018 14:12

Кыргызстандын стратегиялык жолдорунун курулушу жөнүндө фактылар

Кыргызстандын стратегиялык жолдорунун курулушу жөнүндө фактылар

Жол салууга катыштыгы бар чиновниктердин айрымдары качан кызматтан алынып, а түгүл, жоопко качан тартылышат, белгисиз. Баарыбыз эле билебиз, президентибиз деле билсе керек, жол курууда коррупциялык схемалар кенен экенин.

Мына беш-он жылды кой, жаңы салынган жолдор бир кыштан чыкпай калып атканын көрүп эле атабыз го. Бирок ушу күнгө чейин бир киши жоопко тартылыптыр деп кулагым чалала элек. Асман чапчыган баалар, сол чөнтөккө кирип кеткен ири долбоорлордун акча жаңжалдары кыргызстандыктардын нес абалдан чыгарчудай эмес.

Өлкөдөгү стратегиялык жолдордун курулушунда оңой эмес миллиондор айланып жатканы бышык. Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушунда тендер чыры өкмөт башчыны транспорт министри менен кошо ээрден шыпырып түшкөн. Каражаттын тартыштыгынан эки жыл мурун бүткөрүлө турган жолдун курулушу азыр да уланууда. Ушундай эле сценарий Бишкек-Кара-Балта трассасында да кайталган. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдик жолдун курулушунда да миллиондор кымырылып кеткени айтылууда.